Биз социалдык тармакта

Пакистанда тик учак кырсыгынан 5 адам каза болду

Пакистандын Гилгит-Балтистан аймагында тик учак кырсыкка учурап, алгачкы маалыматтарга караганда, 5 адам каза болду. Бул тууралуу Dawn басылмасы билдирди.

Гилгит-Балтистан өкмөтүнүн өкүлү Файзуллах Фарак кырсык Чилас шаарчасында болгонун белгилеген.

Бөлүм башчысы Абдул Хамиддин айтымында, аймактык бийликке таандык тик учак жаңы тилкеге конуу аракетин жасаган учурда кырсыкка кабылган.

Окуя болгон жерге полиция жана издөө-куткаруу кызматтары жөнөтүлгөн.

Кырсыктын себеби тууралуу так маалымат айтыла элек, бирок айрым расмийлер аны "техникалык мүчүлүштүк" менен байланыштырууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан