Москвада эркек киши мурдагы аялы менен урушуп кетип, аны бычактап өлтүрүп койгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, аялын өлтүргөндөн кийин, анын жашап жаткан күйөөсүн дагы өлтүрүүгө аракет кылган.
Тергөөнүн версиясы боюнча, батирде мурунку аялы жана анын күйөөсү менен урушуп, бычак менен кол салган. Аял алган жараатынан окуя болгон жерден каза болуп, анын күйөөсү ооруканага жаткырылган.
"Шектүү өзүнө дагы залал келтирген. Учурда ал кармалып, ага медициналык жардам көрсөтүлүүдө",- деп маалымдалды.
Бул факт боюнча "Адам өлтүрүү" жана "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду.