Биз социалдык тармакта

Ташиев Жалал-Абаддагы жаңы административдик имаратта жыйын өткөрдү

Бүгүн, 1-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен Жалал-Абаддагы жаңы административдик имаратта алгачкы жыйынын өттү.
Отурумда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Жалал-Абад шаарынын аймагына административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган айылдарды картадан көрсөттү.
Ташиев Жалал-Абад шаарынын башкы планын түзүү зарылдыгын белгилеп, тиешелүү жетекчилерге жеринде тапшырма берди. Ал шаардагы курулуштар белгилүү бир тартип менен жүргүзүлүшү керектигин айтып, эгер башкы план алдын ала даярдалбаса, келечекте олуттуу көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экенин баса белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө Жалал-Абад шаарына суу тартуу маселеси да көтөрүлдү. Шаар тургундарын таза суу жана чарбалык суу менен камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.
Эске салсак, Жалал-Абад шаарындагы жаңы административдик имарат 30-августта президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылган. Ал эми бүгүн, 1-сентябрда, ошол имаратта алгачкы жыйын өтүп, анда негизги маселе катары шаардын башкы планы талкууланды. Мындан тышкары тапшырмаларды тез арада аткаруу милдеттендирилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан