Кыргызгидрометтен билдиргендей, эртең, 2-сентябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-9 метрге жетет.
Ал эми Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынын айрым бийик тоолуу аймактарында жаан-чачын күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +25 ... +30, Талас жергесинде +23... +28, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +28... +33, Ысык-Көлдө +20 ... +25, Нарында +24... +29 градуска көтөрүлөт.
Ал эми Бишкек шаарында күндүн табы+27... +29 градуска жетет.