Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Кытайга атайын поезд менен жөнөдү. Бул тууралуу 1-сентябрда Yonhap маалымат агенттиги өздүк булагына таянып жазды.
Анда маалымдалгандай, Ким Чен Ын бүгүн Пхеньяндан чыккан. Поезд менен Кытайга баруу 20-24 саатка чейин созулат, ал 2-сентябрь күндүзү жетип барышы мүмкүн.
Түндүк Кореянын лидери Пекиндеги аскердик парадга катышаары күтүлүүдө.
Буга чейин Түндүк Кореянын Борбордук Телеграф Агенттиги Ким Чен Ын Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Кытайга барып, Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 80 жыл толгондугунун майрамына катышарын билдирген.
Кытай 3-сентябрда Тяньаньмэнь аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 80 жылдыгын парад менен белгилөөнү пландап жатат.