Белгилүү мушкер Дмитрий Бивол Токмокто өзү окуп кеткен мектепти толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүп берди. Бул тууралуу блогер Адилет Ногойбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Маалым болгондой, Бивол аталган мектепти ичи-сыртын толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө каражат бөлүп берген. Мындан тышкары ар бир мугалимди компьютер менен камсыздаган.
Белгилей кетсек, Дмитрий Бивол 1990-жылы 18-декабрда Токмок шаарында төрөлгөн. Ал бокс менен алты жашынан баштап машыга баштаган. Бивол жаштар арасында Кыргызстандын чемпиону болуп, бокс боюнча Кыргыз Республикасынын жаштар курамасына кошулган. 15 жашында Дмитрий Бивол Орусияга көчүп кеткен.