Биз социалдык тармакта

Чүйдөгү жатак-мектептин мугалимдерине жаңы ноутбуктар тапшырылды 

Билим күнүнө карата Чүй облусундагы жетим жана ата-энесинин кароосусуз калган балдар үчүн жатак-мектепке агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев барып, мугалимдер менен тарбиячыларга ноутбуктарды тапшырды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө Баймурзаев тарбиялануучулар менен маектешип, алардын билим жолунда ийгиликтерди багынтуусун каалап, балдардын келечегине жылуу каалоо-тилектерин билдирди.
Министрдин биринчи орун басары мектептин имараттарын жана материалдык-техникалык базасын да көрүп, азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринин абалы менен таанышты.
Белгилей кетсек, 2025-жылы жатак-мектепке 20 миллион сом бөлүнгөн, бул каражаттын эсебинен жатак-мектептин имараттары жаңыланып, шарттарын жакшыртылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан