Биз социалдык тармакта

Суданда жер көчкүнүн кесепетинен миңден ашуун адам каза болду

Судандын батышындагы Марра тоолорунун аймагында жер көчкүдөн миңден ашуун адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Reuters агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жер көчкүдөн бир гана адам аман калган. Кырсык 31-августта бир нече күнгө созулган нөшөрлүү жамгырлардан кийин болгон.

Жер көчкү өлкөдөгү акыркы жылдардагы эң оор жаратылыш кырсыктарынын бири катары бааланууда. Марра тоолорунан улам куткаруу иштери жана жардам берүү мүмкүнчүлүгү кыйындап жатканы айтылууда.

Эске салсак, 5-августта Индиянын Уттаракханд штатындагы Дхарали айылынын жанында суу ташкыны жана сел жүргөн. 4 адам каза болуп, 100дөн ашуун адам дайынсыз жоголгон. Айрым жерлерде суу агымы үйлөрдүн чатырына чейин каптаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан