Ош шаарындагы мектептерге президент Садыр Жапаровдун атынан “Алтын казык” программасынын алкагында 865 ноутбук белекке берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.
Бул ноутбуктар ар бир мектепке бөлүштүрүлүп, 1-сентябрда мэр Жеңишбек Токторбаев салтанаттуу линейка учурунда мугалимдерге тапшырды.