Кыргыз эстрадасындагы таланттуу жаш ырчылардын катарын толуктаган Даниель “Жолдор узак” аттуу жаңы ырын тартуулайт. Ырдын сөзү, обону Чыңгыз Турдубековго таандык. “Жан дүйнөмдө олуттуу күйүп турган шамым белең? Жашоомдо табылгамды жоготкондой сезем” деген ыр саптарды камтыган чыгарманын музыкасы көпчүлүк жаштардын табитине ылайыкташып жазылган. Ырчынын продюсери Канат Култаевдин айтымында, аталган ырга клип февраль айларында тартылат.