Социалдык тармактарда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевден апасына жумуш сураган кичинекей кыздын видеосу тарап жатат.
Анда ал: "Мэр агай, менин апам ишке кире албай жүрөт. Ишке киргизип коюңузчу" деген. Токторбаев кыздан апасын сурады. Кичинекей кыз тез эле апасын чакырып келди. Мэр андан кайсы тармакта жумуш орун караштырып жүргөнүн сурады. Ал дарыканада эмгектенгиси келерин айтып, Токторбаев кол алдындагыларга кайрылган жаранга жардам берүүнү тапшырды.
Видео "Келечек" балдардын чыгармачылык борборунун ачылышында тартылган.