Флорида штатындагы Ки-Ларгонун жээгинде 8 жаштагы балага акула кол салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Бала 1-сентябрда, саат 15:24тө, океан жээгинде сууда сүзүп жүргөн убакта акула катуу тиштеп алган. Жабыркаган бала Майамидеги Жексон мемориалдык ооруканасына жеткирилген. Абалы туруктуу.
Окуя тууралуу АКШнын жээк коопсуздугу жана Флориданын балык жана жапайы жаратылышты коргоо комиссиясына кабарланган.