Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдүн Саруу айылында чоң мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында Чабалдаев атындагы жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Курулуш-монтаждоо иштери 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Учурда иштердин 65 пайызы аткарылды. Долбоор боюнча билим уясы үч блоктон туруп, 500 окуучуга ылайыкталат. Эки кабаттуу окуу корпусу жана спорт залы менен курулууда.
Курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан