Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жыл башынан бери 700 миңден ашуун жаран чет өлкөлөрдөн кайтып келгенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Эң маанилүүсү – быйыл эле чет жакта иштеп жүргөн 700 миң мекендешибиз жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугуна ишенип, өлкөгө, үй-бүлөлөрүнө кайтып келишти",- деди Мирзиёев.
Өзбек лидери мигранттардын массалык кайтып келиши экономикалык реформалардын, жаңы жумуш орундардын көбөйүшүнүн жана ишкердик чөйрөнүн жакшырышынан улам болгонун кошумчалады.
Мирзиёев белгилегендей, жыл башынан бери болжол менен 5 миллион адам жумуш менен камсыздалды.
"Өлкө калкы жыл сайын 700-800 миң адамга өсүүдө, жана эмгек рыногуна 500-600 миң жаш жаран кошулуп жатат. Бул шартта мамлекет туура уюштурулган систем, кепилденген инвестициялар жана инфраструктура менен камсыз болууга тийиш",- деп билдирди Мирзиёев.