Биз социалдык тармакта

Ооганстандагы жер титирөөдөн каза тапкандардын саны миңден ашты (видео)

Ооганстанда жер титирөөнүн курмандыктарынын саны көбөйүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча, 1 124 адам каза болду, 3 251 адам жаракат алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги Ооганстандын Кызыл Жарым Ай коомунун маалыматына таянып кабарлады.

Буга чейин Ооган улуттук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын өкүлү Юсаф Хаммад Associated Press агенттигине берген маалыматында каза болгондордун саны 900гө жеткенин, жабыркагандар 3 миңден ашканын билдирген.

Издөө-куткаруу иштери Ооганстандын чыгышындагы провинцияларда уланып жатат. TOLOnews телеканалынын маалыматына ылайык, жүздөгөн адамдар урандылардын алдында калышы мүмкүн.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан