Биз социалдык тармакта

Өз жанын кыйган болушу мүмкүн. Бишкекте 13 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Бишкекте 13 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 2-сентябрда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 2-сентябрда саат 6:30 чамасында "102" кызматына Ибраимов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанынан жашы 15-20 жаштагы кыздын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт Бишкек шаардык Свердлов РИИБинин Жоруктардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, каза болгон өспүрүмдүн өздүгү аныкталган. Ал 2012-жылы туулган Ж.Ж. экени белгилүү болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, өспүрүм өз жанын кыйган болушу мүмкүн.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан