Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Пекин шаарына барды (фото)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-сентябрда Кытайга болгон иш сапарынын жүрүшүндө Пекин шаарына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тяньцзинь шаарында мамлекет башчысын расмий узатуу аземи болуп өттү, ага кытай тараптын өкүлдөрү катышты.

Садыр Жапаров Кытайдын борборуна ылдам жүрүүчү поезд менен барды. Темир жол бекетинин аянтчасына килем төшөлүп, тосуп алуучулар жана Кыргызстан менен Кытайдын желектерин кармаган балдар катарга тизилишкен.

Сапардын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров 3-сентябрда Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгына арналган парадга катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан