
Эртең, 3-сентябрда Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын тоолуу аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Ал эми башка аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы Чүйдө +23…+28, Талас өрөөнүндө +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +29…+34, Ысык-Көл жеринде +20…+25, Нарын облусунда +24…+29 градус болот.
Ал эми борбор калаа Бишкекте күндүн табы +26…+28 градус болсо, Ош шаарында +30…+32 градус ысык болот.