Биз социалдык тармакта

Бишкекте айрым автобустардын каттамы убактылуу өзгөртүлдү 

Бишкектеги Лев Толстой көчөсүнүн айрым тилкелери жабылганына байланыштуу 4 каттамдын маршруттук схемалары убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэрия жарыя кылды.

Бүгүн, 2-сентябрдан баштап Лев Толстой көчөсүнүн Асаналиев көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейинки жана Садырбаев көчөсүнөн Термечиков көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылгандыгына байланыштуу, 4 автобустук каттамдын маршруттук схемалары өзгөртүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылып, каттамдарды алдын ала пландап, мүмкүн болсо жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту пайдаланууну өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан