Бүгүн, 2-сентябрда Ош шаарынын "Тазалык" ишканасына эки таштанды ташуучу унаа белекке берилди. Бул туурасында шаар мэриясы маалымдады.
Кабарга ылайык, "Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест" ЖЧКсы тарабынан берилген техникаларды мэр Жеңишбек Токторбаев кабыл алды.
Анда калаа башчысы алгач унааны өзү айдап, текшерүүдөн өткөрдү.