Орусиянын жарандары 15-сентябрдан тарта Кытайда визасыз 30 күнгө чейин жүрө алышат. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Го Цзякунь билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышты.
"2025-жылдын 15-сентябрынан тарта 2026-жылдын 14-сентябрына чейин кадимки паспортко ээ болгон Орусия жарандарына карата сыноо иретиндеги визасыз режим иштей баштайт", — деди Го Цзякунь брифингде.
Маалым болгондой, визасыз режим бизнес, туризм, туугандар жана достор менен жолугушуу же алмашуу сапарлары үчүн колдонулат.
ТАСС белгилегендей, учурда дипломатиялык жана кызматтык паспорттору бар орусиялыктар үчүн Кытайга визасыз режим иштеп жатат.