Бүгүн, 3-сентябрь саат 09:00дөн 6-сентябрь саат 16:00гө чейин Бишкек шаарынын Кийизбаев көчөсү, 1/3, 22/1, 22 даректеринде түтүктөрдү алмаштырууга байланыштуу ысык суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктар тууралуу маалымдайт жана түшүнүү менен кабыл алууну суранат",- деп берилет маалыматта.