Бишкек шаарында мыйзамсыз кумар оюндарын уюштурган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда ИИМден кабарлашты.
Маалым болгондой, А. аттуу жаран батирлерди кыска мөөнөткө ижарага алып, катышуучуларды кумар оюндарына тарткан. Ар бир оюн бөлүштүрүүдөн 5 пайыз өлчөмүндө пайда алган.
Топтолгон материалдарга ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 219-1-беренеси (“Мыйзамсыз кумар оюндарынын уюштурулушу”) боюнча кылмыш иши козголду. Натыйжада шектүү катары О.А., Р.Т. жана Ж.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Сот кармалгандарга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады. Учурда бул кылмыш ишинин териштирүүсү уланууда.