Биз социалдык тармакта

Сүйүнчү! Базар-Коргондо үч эм төрөлдү

28-августта Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагынын тургуну, 1991-жылдын туулган Нурайым Исакова үч эмди жарыкка алып келди. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Базар-Коргон райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, кош бойлуулуктун өзгөчөлүгүнө байланыштуу дарыгерлер кесарева жолу менен операция жүргүзүшкөн.
- 2700 грамм салмактагы эркек бала;
- 2500 грамм салмактагы кыз бала;
- 2200 грамм салмактагы кыз бала төрөлдү.
Учурда эненин да, балдардын да абалы жакшы. Нурайым жолдошу менен буга чейин үч баласын тарбиялап келген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан