1918-жылы (96 жыл мурун) Түркстан крайынын Элдик комиссарлар кеңеши Кызыл аскерлердин ыктыярдуу отрядын куроого киришкен. Кызыл аскерлер отрядын уюштуруу чечими РСФСР Элдик комиссарлар кеңешинде кабыл алынган Лениндик декретке ылайык жүргүзүлгөн.
1974-жылы (40 жыл мурун) англиялык фотомодель Кейт Мосс Кройдон шаарында туулган. Атасы үй-бүлөсүн таштап кеткенде, апасы Линда Мосс балдарын багуу үчүн кафеде тейлөөчү болуп иштеген. Линда акча чогултуп, балдары менен Багам аралдарында эс алып келүүгө жетишкен. Башка учакка отуруу үчүн Нью-Йорктун аэропортуна түшкөндө аларга Сара Дуглас аттуу айым жолугуп калган. Ал моделдерди издөө боюнча агенттиктин директору болгондуктан Кейтти кастингден өтүүгө чакырган. Кастингден өткөн соң Кейт карьерасындагы алгачкы тепкичтерге кадам таштап, түнкү клубдарга бара баштайт. 1990-жылы "Кельвин кляйн" бренди жарнамага тартылуу үчүн 4 миллион долларлык келишим сунуштайт. 90-жылдардын ортосунда моделдин бир күндүк айлык маянасы 10 миң долларга барабар болгон. Бирок жеке жашоосунда баары тайкы болгон. Акчаң барда бакыт жокко туш келген жылдыз баңгизатын тартууга аралашканы да айтылып жүрөт.