Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ынтымак айылында 150 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, 2022-жылы башталган. Курулушту быйыл жыл аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Жалпы аянты 1025 чарчы метрди түзгөн билим уясы заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу окуу корпусунан, өтмө галереядан жана спорт залынан турат.
Курулуш-монтаждоо иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.