Биз социалдык тармакта

"Кар эрисе жол да эрип калат". Депутат өкмөттөн Нарындагы жолдорду тездетүүнү суранды

Бүгүн, 3-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Бакасов өкмөттөн Нарын шаарындагы Шералиев жана Ленин көчөлөрүнүн курулушун тездетүүнү суранды.

"Бета Групп" компаниясына жолдорду ким берген, ошону аныктап берсеңер. Азыр анын директору камалып кетти. Эми жолду кайра жасабасак болбойт. Себеп дегенде кар эрисе жол да эрип калат. Сапаты өтө начар. Эл кыйналып кетти. Азыр окуучулар жолдун айынан үйдө онлайн окуп отурушат",- деди ал.

Айта кетсек, Нарындагы жолдордун салынышына нааразычылыктар айтылган соң аталган компаниянын директору УКМК тарабынан кармалган. Мындан улам Ленин жана Шералиев көчөлөрүндө жүрүп жаткан курулуш иштерин бүткөрүү "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасына жүктөлгөн.

Жогорку Кеңеш 03.09.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан