Ошто алдамчылыкка шектелип, издөөгө алынган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 2-сентябрь күнү издөөгө алынган Ноокат районунун 1992-жылы туулган А.У. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ал 2023-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде козголгон кылмыш ишине шектелип, соттук отурумга келбей, из жашырып качып кеткен.
Тергөө уланууда.