Ош — Баткен — Раззаков автожолунун 47-чакырымынан 75-чакырымына чейинки бөлүгүндө (жалпы 28 чакырым) асфальт төшөө иштери толугу менен аяктап, унаалар үчүн каттам ачылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, аталган тилкедеги эки тилкелүү жолдун курулушу 2024-жылдын март айында башталган. Бүгүнкү күндө негизги жумуштар бүтөрүлүп, унаа кыймылы жанданды.
Азыркы тапта аймакта тротуар куруу, жол белгилерин орнотуу, жарыктандыруу жана чийин тартуу сыяктуу кошумча иштер жүрүүдө.
Эскерте кетсек, быйыл ошондой эле бул жолдун 34+400дөн 40+400-чакырым аралыгында асфальт төшөлүп, кошумча үч көпүрө курулуп, колдонууга берилген.