Биз социалдык тармакта

Украинада Telegram'га бөгөт коюу сунушталды

Украинанын мурдагы президенти Пётр Порошенко Жогорку Радага кайрылып, Telegram мессенжерин дароо бөгөттөө боюнча чечим кабыл алууну талап кылды. Анын айтымында, бул платформа парламенттин мурдагы төрагасы Андрей Парубийдин өлтүрүлүшүндө колдонулган.

Порошенко өз кайрылуусунда мессенжерди жабуу боюнча ыкчам чаралар көрүлүшү керек экенин баса белгиледи.

Бирок жогорудагы кылмышка шектүү катары камакка алынган Михаил Сцельников сотто таптакыр башка версияны айткан. Анын билдиришинче, ал жеке өч алуу максатында мындай кадамга барган. Сцельников өзүнүн уулу Бахмут шаарынын жанында курман болгондон кийин украин бийлигинен өч алууну көздөгөнүн жана Порошенкодон да өч алууну пландаганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан