Йемендеги хуситтер Израилдин Тель-Авив шаарына чабуул жасашты. Бул тууралуу Al Masirah телеканалы кабарлады.
"Йемен куралдуу күчтөрүнүн ракеталык бөлүгү өзгөчө аскердик операция жүргүзүп, Израилдин оккупацияланган Яффо аймагындагы объекттерине эки баллистикалык ракета менен сокку урду",- деп айтылат билдирүүдө.
Хуситтер Тель-Авивди “оккупацияланган Яффо” деп аташат.
2-сентябрда хуситтер биринчи жолу Тель-Авивдеги Израил армиясынын Башкы штабы жайгашкан имаратты дрондор менен аткылаганы белгилүү болгон.
27-августта алар Тель-Авивдеги Бен-Гурион аэропортуна баллистикалык ракета менен сокку урганын жарыялашкан. Алар бул чабуулду “Палестина-2” үлгүсүндөгү ракета менен жасашканын билдиришкен.