Оштогу Сулайман тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде туризмди өнүктүрүүгө багытталган ири реконструкция иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, бул иштер Бүткүл Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланып жаткан “Регионалдык экономикалык өнүгүү” долбоорунун алкагында аткарылат.
Жалпысынан 12 миллион долларга чамалуу каражат бөлүнүүдө.
Бүгүнкү күндө долбоордун илимий концепциясын жана долбоордук-сметалык документациясын даярдоо иштери акыркы баскычка жетти. Бул иштердин негизинде Сулайман тоонун бир катар тарыхый жана маданий жайларында жаңылануу жүрөт.
Оңдоп-түзөө жана реконструкция боло турган негизги объектилер:
1. Бабурдун өжүрөсүнө алып баруучу тоо жолу жана кароо аянтын жаңылоо
4. От дарбазасын жана визит борборун куруу, аймакты көрктөндүрүү
5. Орто кылымга таандык мончону реконструкциялоо
6. Түндүк тараптагы “Тоо дарбазасын” жаңылоо
7. Асаф ибн Бурхия күмбөзүнүн тегерегин иретке келтирүү
8. “Суу дарбазасын” куруу жана аймакты көрктөндүрүү
Бул долбоор эл аралык макамга ээ болгондуктан, 2020-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан ратификациядан өткөрүлүп, 2021-жылдан тарта активдүү түрдө ишке ашырылып келе жатат.
Сулайман тоо – ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген өзгөчө коруктагы аймак болгондуктан, реконструкция иштеринде тарыхый жана маданий мурастарды сактап калууга өзгөчө көңүл бурулууда. Ар бир архитектуралык жана курулуштук чечим эл аралык эксперттердин катышуусу жана макулдугу менен кабыл алынып жатат.