Эртең, 4-сентябрда Армениянын Улуттук жыйынынын төрагасы Ален Симонян Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Расмий сапардын алкагында Симонян Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен жолугушуп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди талкуулайт.
Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.