Биз социалдык тармакта

Жеңишбек Токторбаев Ошто 95 метрлик желек сап орнотуларын айтты (видео)

Ош шаарынын борборуна 95 метрлик жаңы желек сап орнотулат. Бул тууралуу шаар мэри Жеңишбек Токторбаев билдирди.
Айтымында, бул иштер калааны өнүктүрүү жана мамлекеттик символдорду даңазалоо иштеринин алкагында аткарылып жатат.
Эми учурдагы 45 метрлик желек саптын ордуна 95 метрлик жаңы желек сап орнотулат.
"Эски желекти аэропорттун алдына алып барып коёбуз.
Урматтуу шаардыктар, убактылуу желекти алып турушубуз керек. Анткени жаңысын орнотуу иштери жүргүзүлөт", - деди мэр.
Белгилей кетсек, өлкөдө эң бийик желек сап Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында орнотулган. Анын бийиктиги 100 метр.
03.09.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан