
Маданият министрлиги тарабынан ушул жылга Токтогул райондук Маданият үйүн оңдоп-түзөө иштерине 11 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу министрликтин маалыматында жазылат.
Билдирмеге ылайык, бул каражатка жылытуу системасы орнотулуп, электр жабдыктары жаңыланды. Ошондой эле Маданият үйүндө толук капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.
Мындан тышкары балдар музыкалык мектебине “Шамшыкал” редакциясынын имараты берилип, ал жакта дагы 1 миллион 700 миң сом бөлүнүп, оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.