Биз социалдык тармакта

Кайнатасы тарабынан зордукталганын айткан келин министрдин орун басары менен жолукту

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева кайнатасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган 20 жаштагы келин менен жолукту.
Мекеме билдиргендей, үй-бүлө арыз берилген алгачкы күндөрдөн тартып райондук социалдык коргоо кызматынын көзөмөлүндө турат.
Министрлик Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгына кыска мөөнөттүү курстардан окуп, сертификат алуу жана кийинкиде ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча жардам көрсөтүүнү тапшырды.
Буга чейин акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды кайнатасы тарабынан зордукталган делген 20 жаштагы келиндин укугун коргоого чакырган болчу.
Эске салсак, 51 жаштагы жаран келин зордуктоого жана ишти жабуу үчүн милиция кызматкерине пара берүүгө шектелип кармалганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан