"Милиция деген ушундай болот". Патрулдук милициянын жасаган аракети элдин жүрөгүн жылытты
Социалдык тармактарда Бишкекте патрулдук милиция кызматкеринин жасаган аракети алкоого алынууда.
Видеодон анын люктун ичине түшүп кеткен кичинекей кыздын оюнчугун алып чыгып бергенин көрүүгө болот.
Бул жасаган иши көпчүлүктү кубантып, соцтармактарда "Милиция деген ушундай болот", " Сендей кызматкерлер көп болсун", " Жүрөгү таза бала экен" деген көптөгөн жылуу комментарийлерди жазышууда.