Биз социалдык тармакта

Таиландда бассейнде жыгылган орус айымы эски тилде сүйлөп калды

Таиландда орусиялык Елена аттуу айым бассейнде тайгаланып жыгылып, башынан жаракат алганын, ооруканада эс-учун жоготкон абалда ойгонгонун орусиялык басылмалар жазышты.

Ал атын унутуп, жакындарын тааныбай калган. Кызыгы Елена эски орус тилинде сүйлөп баштаган. Муну анын билими боюнча филолог болгонуна байланыштырышууда.

Ал Томск шаарында төрөлүп, окуган. Жергиликтүү университеттин филология факультетинде, андан кийин педагогикалык университеттин психология факультетинде билим алган. Елена Таиландга коронавирустук пандемиядан мурун көчүп барган. Ал өлкөдө Елена Орусиядан келген туристтерге турларды сатып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
temirov76
2025-09-04 11:29:00
Жашарып да калса сонун болмок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан