1-3-сентябрга чейин Тоң районунун аймагында жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында "Өспүрүм-Түн" деген аталышта рейддик иш-чара жүргүзүлдү. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Рейддин жүрүшүндө укук коргоо органдары тарабынан жашы жете электер арасында жана коомдук жайлардагы тартип бузууларга көзөмөл күчөтүлдү.
Анын жыйынтыгында, 10 укук бузуу фактысы аныкталып, тиешелүү протоколдор толтурулду жана мыйзам бузгандарга карата айып пулдар салынды.
Бул иш-чаранын негизги максаты өспүрүмдөрдүн мыйзамсыз аракеттеринин алдын алуу, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо болуп саналат.