Бүгүн Бишкекте өлкөнүн башкы балатысынын ачылышы болду (Фоторепортаж)

Бүгүн, 14-декабрда Бишкек шаарында өлкөнүн башкы балатысынын ачылышы болду. Ачылыш аземи шаар башчысы Иса Өмүркуловдун катышуусу менен өтүп, ал ачылышка келгендерди жана жалпы кыргыз элин келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады. Аяз ата жана Аяз кыз балатыны жандырып, эстрада жылдыздары да өз чыгармачылыктарын тартуулашты. Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун айтымында, Бишкек шаарында жалпысынан 5 негизги балаты коюлуп, шаарды Жаңы жылдык жасалгалалар менен кооздоого жалпысынан 2 миллион сомдон ашык каражат жумшалганын айтты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан