Биз социалдык тармакта

Путин: "Азербайжан менен көйгөйлөр бар, бирок баары өз ордуна келет"

Орусия менен Азербайжандын ортосунда көйгөйлөр бар, бирок баары өз ордуна келет. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайга болгон сапарынын жыйынтыгы боюнча журналисттерге жооп берип жатып айтты.

"Өлкөлөрдүн ортосунда ар дайым учурдагы кырдаал же саясий конъюнктурага жараша суроолор пайда болот. Көйгөйлөр бар",- деди Путин.

"Бүгүн мен президент Алиев жана жубайы менен саламдаштым. Бир-эки сөз сүйлөштүк. Бирок менимче, Орусия менен Азербайжан ортосундагы фундаменталдык мамилелер жана алардын өнүгүшүнө болгон өз ара кызыкчылык акырындап баарын өз ордуна коёт",- деп билдирди Орусия лидери.

3-сентябрда Пекиндеги иш-чараларга чейин Путин менен Илхам Алиев Кытайдын Тяньцзинь шаарында болушкан. Анда 31-августтан 1-сентябрга чейин Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өткөн. Саммиттин алкагында лидерлер башка өлкөлөрдүн башчылары менен бир нече эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшкөн, бирок бири-бири менен сүйлөшүшкөн эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан