
Быйыл мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдары үчүн чарба жана кеңсе товарларын сатып алууга республикалык бюджеттен 205,5 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, президенттин 2023-жылдын 26-майындагы “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык, мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарына оңдоп-түзөөгө, кайтарууга жана зарыл болгон тиричилик предметтерин сатып алууга акча каражаттары милдеттүү түрдө мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт.
Ошондой эле учурдагы оңдоого бюджеттен 404,8 миллион сом, ал эми Бишкек шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинен борбордогу мектептер үчүн чарба жана кеңсе товарларын сатып алууга 59,7 миллион сом бөлүнгөн.
"Бөлүнгөн каражаттар өз убагында жана белгиленген максаттарда өздөштүрүлүүдө",- деп айтылат маалыматта.