Биз социалдык тармакта

Мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынат

Мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууга жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, буга президенттин 2023-жылдын 26-майындагы “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы негиз болгон.
Министрлик окуучуларга жана алардын ата-энелерине (аларды алмаштырган адамдарга) мыйзамсыз акча каражаттарын алуу же моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү фактылары аныкталган учурда күнөөлүү адамдарга карата ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жаза чаралары колдонула турганын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан