Орусиянын президенти Владимир Путин менен Ураина лидери Владимир Зеленский азырынча сүйлөшүүгө даяр эмес, бирок жакында алардын чечимдерине таасир эте турган нерсе болот. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп CBS News телеканалына берген маегинде билдирди.
"Бир нерсе болот, бирок алар азырынча буга даяр эмес. Бирок бир нерсе болот. Биз муну жасайбыз",- деген ал.
Буга чейин Путин Зеленскийди жолугушуу үчүн Москвага чакырган.
Дональд Трамп Орусия менен Украинанын президенттеринин жолугушуусуна даярдыктар башталганын Путин менен Аляскадагы август саммитинен кийин жарыялаган болчу.