Биз социалдык тармакта

Бишкекте эки салыкчы жемкорлукка айыпталууда (видео)

Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 100 миң сом өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси менен кылмыш иши козголуп, 2-сентябрда Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы Т.У. жана бөлүмдүн башкы инспектору О.У. 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалышты.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Салык кызматынын кызматкерлери кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан