АКШ президенти Дональд Трамп Орусия лидери Владимир Путин, Кытай башчысы Си Цзиньпин жана Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын менен жакшы мамиледе экенин билдирди. Бул тууралуу ал CBS телеканалына берген интервьюсунда айтты.
"Менин алар менен мамилем абдан жакшы. Канчалык жакшы экенин келерки бир-эки жуманын ичинде билип калабыз",- деди Трамп.
Ал ошондой эле ушул аптада Кытайда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын урматына уюштурулган иш-чараларда Путин, Си Цзиньпин жана Ким Чен Ын менен болгон жолугушууларды байкап турганын белгиледи.
Ошол эле интервьюда Трамп Путин менен Украина президенти Владимир Зеленский учурда тынчтык келишимине даяр эмес экенин кошумчалады.