Орусиянын Мамадыш шаарында үйдүн канализациялык люгуна түшүп кеткен үч адам эсин жоготуп каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Окуя кечээ, 3-сентябрь күнү эртең менен болгон. Анда үч адам жеке үйдүн канализациялык люгуна биринин артынан бири жумуш аткаруу үчүн түшүп, андан кийин эс-учун жоготуп коюшкан. Люк маркумдардын биринин үйүндө жайгашканы айтылууда.
Бул факт боюнча "байкабастыктан адам өлүмүнө алып келүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.