Биз социалдык тармакта

Казакстанда блогер TikTok үчүн өзүн тирүүлөй көмдүрдү (видео)

Алматыда блогерлер социалдык тармакта көрүүчүлөрдү топтоо үчүн бир жигитти тирүү көмүп, түз эфирге чыгышты. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Блогер көмүлгөндөн кийин түз эфирге чыгып: "Аба жетишпей жатат... Бирок мага аба жетет. Жигиттер, ашыкча баспаңыздар... Буга чейин TikTokто 30 аккаунт блоктолгон. Достор, бул аккаунтту жайылтууга жардам бергиле, лайк баскыла",-деп кайрылган.

Блогердин мындай аракети социалдык тармактарда катуу сынга кабылган. Колдонуучулар жаш жигитти популярдуулук үчүн өзүнүн өмүрүн тобокелге салууда деп айыпташкан.

Блогердин жүрүм-туруму боюнча полиция да иликтөө баштаганы айтылууда.

Казакстан
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан