Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош шаарында М.И. жана С.Ж. аттуу жактоочулар кармалганын кабарлады.
Атайын кызмат алар жарандан жашы жете электерди зордуктоо жөнүндө кылмыш иши боюнча беренени сексуалдык мүнөздөгү анча оор эмес беренеге өзгөртүүгө көмөк көрсөтөбүз деген шылтоо менен 270 миң сом талап кылышкан.
Бирок иш жүзүндө жактоочулар убадасын аткарышпаган. Шектүүлөр акчанын ээсине 220 миң сомду кайтарып берип жатышканда колго түшүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен.