Бир катар өлкөлөрдө Google кызматтарына убактылуу кирүү мүмкүн болбой калды. Бул тууралуу чет элдик басмылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, колдонуучулар издөө системи жана башка колдонмолор иштебей жатканын жазышууда. Орусия, Түркия, Грузия, Армения, Болгария жана Польша колдонуучулары Google иштебей жатканын билдиришүүдө.
Эң көп арыздар бүгүн, 4-сентябрда саат 12:44тө катталган. Арыздардын 52 пайызы издөө кызматынын иштебей жатканына, 34 пайызы веб-сайттын иштебей жатканына, 14 пайызы колдонуучулар Google’га кире албай жатканына байланыштуу.
Кээ бир колдонуучулар кызматтар VPN аркылуу гана иштеп жатканын билдиришкен.